super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

"Бейиш эненин таманында" кыргыз тасмасы дагы үч тилге которулду (видео)

 

Кыргызстандык режиссёр Руслан Акундун "Бейиш эненин таманында" тасмасы дагы үч тилге которулду. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда аталган тасмада башкы каарман болгон актёр, тамашоучу Эмил Эсеналиев билдирди.

"Биздин каармандар англис, итальян жана испан тилдеринде сүйлөп жатышат. “Бейиш эненин таманында” тасмасы дүйнөнү багындырууну улантууда. Англисче үн коштогон версиясын "Paradise at Mothers Feet" деп жазып AZO ютуб каналында көрө аласыздар", - деп жазды актёр социалдык баракчасынан.

Айта кетсек, тасма эненин уулуна болгон сүйүүсүнүн күчүн, ар улутта жакшы адамдар болорун жана ак жүрөк адам бардык кыйынчылыктарды жеңе аларын баяндайт. Бул тасманын идеясы актёр Болот Тентимишовго таандык. Анын сценарийин режиссёр Руслан Акун менен актёр Эмил Эсеналиев жазышкан. Тасма 7 өлкөдө – Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Азербайжан, Сирия, Араб өлкөлөрүндө тартылган.

Ачык булактарда тасма 5 тилге которулганы айтылган.






"Бейиш эненин таманында" кыргыз тасмасы дагы үч тилге которулду

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: