Теория 384 саат, экзаменге 2 миңден ашуун суроо... Айдоочулук күбөлүк алуу талабы күчөтүлөт
Жарандар үчүн айдоочулук күбөлүктөрдү алуу талабы күчөтүлөт. Бул тууралуу кечээ, 14-ноябрда президенттин иш башкаруучусу Канатбек Туманбаев журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, теориялык окутуу азыркы 80 сааттан 384 саатка чейин узарат. Мындан тышкары теориялык экзамен үчүн суроолордун саны көбөйөт. Учурда 2021-жылы иштелип чыккан 750 суроо колдонулса, жаңы программаны кабыл алгандан кийин суроолордун саны 2 миңден ашат.
"Эми 3 миңдей суроо болот. Практиканы күндө, жаан-чачында, кечинде тапшыруу керек болот жана ошол учурда гана курсант айдоочулук күбөлүк алууга укук алат. Окутуунун программа-курсу 10 күндүн ичинде белгилүү болот. 20-ноябрга чейин аны сунуштайбыз. Экзамен тапшыруу учурунда экзаменаторлор болбойт. Жумушчулар болгону техникалык паспортторду жана номурларды берип же почта аркылуу жөнөтүшөт", — деп белгиледи ал.
Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, ал айдоочулук күбөлүк алган жарандарга кайрадан окутуу талап кылынбай турганын айтты. Бирок чоңдор үчүн, мектеп окуучуларынан тышкары, окутуу 14 айга созулат.
Эске салсак, буга чейин президент Садыр Жапаров 11-12-класстардын окуучуларына гана 14 айлык окутуу болорун билдирип, ал эми калгандар үчүн окуу кыскартыла тургандыгын белгилеген.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















