"Элди дүрбөтүп..." Орунбеков президенттин жетекчилерге берген тапшырмасын жарыялады
Президент Садыр Жапаров электр энергиясын үнөмдөө масатында Вотсап группалар аркылуу Министрлер кабинетинин төрагасына, жалпы мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын жетекчилерине тапшырманы берди. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалымат саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык баракчасында бөлүштү.Өлкө башчысы айрым жетекчилер электр энергиясы боюнча элди дүрбөтүп, аябай эле ажиотаж кылып жибергендерин айтып зекиди.
"Адылбек Алешович, министрлер, облустагы өкүлдөр жана жалпы жетекчилер! Жарыкты үнөмдөө боюнча тапшырманы туура эмес түшүнүп жатасыңарбы, билбейм. Айтор, жеке жактардын, майда-чүйдө бизнестердин светтерине асылып баштабагыла. Элди дүрбөтүп аябай эле ажиотаж кылып жибердиңер. Шайлоодо бир нерсе кылалы деген саботаж күчтөр барбы араңарда, билбейм. Андай күчтөр көчөдө толтура. Ошолордун чырагына май тамызып жатасыңар.
Тапшырманын эң негизги максаты – биринчи кезекте өкмөттүк мекемелердин, айыл өкмөттөрдөн баштап Ынтымак ордого чейин светтерин кечки саат 18:00дөн кийин өчүрүп кетүү болчу. Иштеп бүткөндөн кийин приборлорду, жарыкты өчүрүп коюшка көп деле күч кетпейт. Мындан тышкары муктаждык жок учурда деле коридорлордун жарыгы күйүп турат экен, күндүзү дагы кабинеттердин светин жагып алып иштеп жаткандар бар!
Мына ошолорду көзөмөл кылып карагыла деп жатам. Жарыкты үнөмдөөнү биринчи өзүбүздөн баштайлы да! Ар бир жетекчи өзүнүн карамагындагы мекеме-ишканаларды карап, көзөмөл кылыңыздар. Айрыкча мектептер, окуу жайлар үнөмдөбөй жатышат. Облустагы өкүлдөр акимдерди, акимдер айыл өкмөттөрдү, айыл өкмөттөр територияңардагы мектеп, бала-бакчаларды текшерип, күндө карап контроль кылып туруңуздар! Кимдин аймагында өкмөттүк имараттардын свети күйүп турса, аны иштебей жатат деп билебиз. Иштебеген жетекчилердин жоопкерчилиги каралат. Мамлекеттик мекеме ишканаларынын имараттарында, Ынтымак ордонун өзүндө дагы үнөмдөйлү! Жеке жактарга тийбегиле. Коркпогула, энергия жетет. НЭСК министрлик менен кеңешпей туруп ызы-чуу кылып жиберди да", - деп белгиленген президенттин катында.
Айта кетсек, кечээ, 14-ноябрда президент Бишкек жана Ош шаарыларынын мэрлери өткөргөн рейддерди сындап, аша чаап кеткендигин билдирген. Ошондой эле саат 22:00дөн кийин кайсы мекемелер жабыла турганын эскертти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
22:40
2025-11-18
15:55
2025-11-18
9:35
2025-11-18
8:59
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















