Австралиялык окумуштуулар аарынын жаңы мүйүздүү түрүн аныкташты
Австралиядагы изилдөөчүлөр мүйүзү бар жаңы аарынын түрүн таап, аны "Megachile Lucifer" деп аташты. Жаңы түр Голдфилдс аймагындагы сейрек гүлдөрдү изилдөө учурунда табылганын чет элдик басылмалар билдирди.
Маалым болгондой, мүйүз аарылардын ургаачыларында гана болот. Алар мүйүздөрү менен душмандардан коргонуп, мындан тышкар чаңча, азык, уя курууга керектүү материалдарды топтоого колдонушат.
Изилдөө тобунун жетекчиси доктор Кит Прендергаст аарынын жаңы түрүн изилдөө учурунда "Люцифер" тасмасын көрүп жаткан. Андан кийин аарыга тасманын атын ыйгарды. Бул 20 жылдан берки алгачкы ачылыш экени да маалыматта кошумчаланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:03
2025-11-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















