Садыр Жапаров Ала-Арча резиденциясынын аймагындагы жаңы социалдык объектилерди колдонууга берди
Бүгүн, 15-ноябрда президент Садыр Жапаров Ала-Арча мамлекеттик резиденциясынын аймагында жайгашкан бир катар социалдык объектилердин ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, аянты 10,5 гектарга жакын аймакта билим берүү, тарбиялоо жана ден соолукту чыңдоо боюнча заманбап комплекс түзүлдү.
- 5 миң чарчы метрден ашык аянтты ээлеген, 570 окуучуга ылайыкталган жана 20 заманбап кабинет, өзүнчө музыкалык блок менен жабдылган эки кабаттуу жаңы мектеп;
- 1,6 миң чарчы метрден ашык, 140 орундуу эки кабаттуу бала бакча;
- 40 миңге чейин жашоочуну тейлөөгө ылайыкталган аянты болжол менен 1,3 миң чарчы метр болгон үй-бүлөлүк медициналык борбор.
Мамлекет башчы өз сөзүндө бүгүн дүйнө билим менен өнүгүп, илим менен ар кандай бийиктиктерге жетип жатканын белгилеп, ар бир мамлекет өз ийгилигин билимдүү жарандары аркылуу куруп жатканын билдирди.
"Быйылкы жылдын 10 айынын жыйынтыгында республика боюнча жалпысы 118 мектеп менен бала бакча пайдаланууга берилди. Жыл аягына чейин дагы 32 мектептин курулушу жана оңдоп-түзөө иштери аяктайт. Быйыл бюджеттин эсебинен республика боюнча 25 оорукана, поликлиника курулуп жатат. Андан тышкары, 22 саламаттык сактоо объектиси капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүүдө. Келерки жылы Бишкекте жарандарыбыз бардык адистештирилген медициналык кызматтарды бир жерден ала тургандай 5 миңден ашуун койкага ылайыкташтырылган медициналык шаарчанын курулушу башталат", - деди Жапаров
Жакынкы аралыкта комплекстин аймагында кошумча спорттук аянтча жана воркаут зонасы курулат. Буга чейин Чоң-Арык айылынын тургундары билим берүү мекемелеринин жоктугу маселесин чечүүнү өтүнүп кайрылышкан.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















