super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Президент өлкөдө мугалимдердин орточо айлыгы 1-апрелден тарта 40 миң сомго жетерин билдирди

 

Учурда мугалимдердин орточо айлык акысы 26 миң сомду түзөт, ал эми кийинки жылдын 1-апрелинен тарта көтөрүлгөндөн кийин 40 миң сомго жакын болот. Бул туурлауу бүгүн, 15-ноябрда президент Садыр Жапаров Ала-Арча мамлекеттик резиденциясынын аймагында жайгашкан бир катар социалдык объектилердин ачылыш аземинде билдирди.

Өлкө башчысы мугалимдерге кайрылып, жаңы муунду тарбиялоодо талыкпай эмгектенип жаткан, ошондой эле ар бир балага кам көрүп, көңүл бурган мугалимдерге терең ыраазычылык айтып, мамлекет билим берүү системасын жаңыртуу процессинде мугалимдердин ролун жогору баалай турганын баса белгиледи.

“Шаар жергесинде орто билим берүү мектебинде орто билими бар, жаңы келген, тажрыйбасы жок мугалим көтөрүлгөндөн кийин 22 миң сомдун тегерегинде алат. Ал эми айыл жергесинде орто билим берүү мекемесинде эмгектенген билим даражасы “бакалавр” кыргыз тил мугалиминин эмгек акысы учурда 23 151 сом болсо, көбөйгөндөн кийин 27 360 сомду түзөт. Алыскы тоолуу аймактарда орто билим берүү мектебинде эмгектенген жогорку билимдүү математика мугалиминин учурда эмгек акысы 65 809 сом болсо, көбөйгөндөн кийин 80 860 сомду түзөт”, - деди президент.

Ошондой эле ал ата-энелердин активдүү катышуусу, алардын мектеп менен тыгыз кызматташуусу жана мугалимдердин колдоосу аркылуу балдар билимдүү гана эмес, тарбиялуу, мекенчил жарандар болуп чыгышарын белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: