super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Чүйдө кум-шагыл аралашмасын ташыган компаниялардын айдоочулары мушташты

 
Чүй облусундагы Константиновка айылынын жанында мушташ катталып, катышуучулардын баары кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда облустук милициядан кабарлашты.
Маалым болгондой, аталган айылдын жанында мушташ болуп жатканы тууралуу билдирүү түштү. Анда айылдын четиндеги карьерден кум-шагыл аралашмасын ташуу маалында жолду бөлүшө албай калып, натыйжада жаңжал чыкканы аныкталган. Жаракат алгандардын бири 2005-жылы туулган К.А. аттуу Бишкек шаарынын тургуну Чүй облустук ооруканасына кайрылды. Жабырлануучудан жабык баш мээ травмасы, мээнин чайкалышы, желке бөлүгүндө теринин астына кан куюлуу жана жумшак ткандардын көгөрүүсү аныкталды.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголду. Ыкчам тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө жаңжалдын бардык катышуучулары аныкталып, тергөө иш-аракеттерин жүргүзүү үчүн милицияга жеткирилди.
Айрым басылмалар мушташкандар "Чайна-Роуд" жана "Чжунзцы" компанияларынын айдоочулары экендигин маалымдашууда. Тергөө иштери уланууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: