Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту
Кечээ, 15-ноябрда президент Садыр Жапаров Ташкентке болгон иш сапарынын алкагында Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Кыргыз-өзбек кызматташтыгын мындан ары да чыңдоо маселелери, анын ичинде саясий диалогду өнүктүрүү, соода-экономикалык алакаларды, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы ишеним жана ынак коңшулук мамилелерди бекемдеген маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү талкууланды.
Тараптар туруктуу өнүгүүнү жана аймактык туруктуулукту камсыз кылуу үчүн күч-аракеттерди координациялоонун маанилүүлүгүн белгилеп, эки жана көп жактуу форматта да өз ара мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө жана чыңдоого даяр экендиктерин билдиришти.
Жолугушуунун соңунда президент Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевге кыргыз тилине которулган "Жаңы Өзбекстан: Шавкат Мирзиёевдин жолу" аттуу китепти тапшырды.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















