super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Спорт  

Жаш "Ак шумкарлар" Ирандын курамасын 2:1 эсебинде жеңди

 

Манас шаарында өтүп жаткан Эл аралык "MANAS CUP 2025" турниринин алкагында жаш "Ак шумкарлар" Ирандын курамасын 2:1 эсебинде жеңди. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдирди.

Маалым болгондой, кечээ, 15-ноябрда өткөн беттештин биринчи бөлүгү 0:0 эсебинде тең чыгуу менен жыйынтыкталган. Экинчи бөлүктө 1:0 эсебинде ирандындыктар эсеп санын ачып, бирок оюндун акыркы мүнөттөрүндө кыргыз курамасынын оюнчусу Марлен Мурзахматов гол киргизип, эсеп санын теңеди. Ал эми беттешке берилген кошумча мүнөттө кыргыз курмасындагы Саид Дациев өз дараметин көрсөтүп, "Ак шумкарлар" жеңишти камсыздашты.

Белгилей кетсек, "Манас кубогунун" алкагында жаш курама Бахрейнди 2:1 эсебинде уткан. Учурда турнирдик жадыбалда Орусия менен Кыргызстан сап башында келе жатат. Чечүүчү беттеш 18-ноябрда Орусияга каршы болот.

Маалымат үчүн: U-23 курамасы буга чейин Иран менен 2 жолу беттеш өткөргөн. 2014-жылы Азия оюндарында беттеш 1:1 эсебинде, ал эми 2017-жылы Азия кубогуна тандоо оюндарында 2:1 эсебинде ирандыктардын жеңиши менен аяктаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: