super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

"Чагымчылдарга азгырылбагыла". Орунбеков "кытайлар басып кетти" дегендерге жооп берди

 
Кечээ, 15-ноябрда Чүй облусунун Константиновка айылынын жанында мушташ катталган. Бул арада кылмышка тиешеси бар адамдар аныкталып, милиция кармалгандарды убактылуу жайга киргизди.

Ал эми коомчулукта окуяга тиешеси барлар кытайлык жарандар экендиги айтылып, нааразычылыгын жаратты. Бул жагдай боюнча бүгүн, 16-ноябрда президенттик администрациянын маалымат саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык баракчасында билдирүү калтырып, чагымчылдар жеке кызыкчылыгын пайдаланып жаткандыгын айтууда.
"Мына ушул окуяны чагымчылдар жеке кызыкчылыгына пайдаланып, “кокуй, кытай каптап кетти, мына бизди уруп-сабап баштады” деп улут аралык кастык жараткан пикирлерди таратып жатышат. Эми адам бар жерде уруш-талаш боло берет экен, адамдын табияты ошол. Ал улутка же рассага карабайт. Мисалы, биздин 1,5 миллиондон ашык кыргызстандык жарандарыбыз деле башка өлкөлөрдө иштеп жүрөт, биздеги кытайлар сыяктуу. Алар деле кээде урушуп, жаңжалдаша кеткен окуяларга туш болушат. Андыктан чагымчылдарга азгырылбагыла. Эми “кытайлар басып кетти” дегендерге жооп. Ооба, бизде курулуш иштери көп жүрүп жатат. Жумушчулар тартыш, ошого байланыштуу кытайдан убактылуу келип иштегендер бар. Дагы бир негизгиси, бизде Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу башталган. Ал багытта дагы кытай жумушчулары иштеп жүрүшөт. Себеби кытай технологиясы менен жүргүзүлгөн курулуштарга кытай адистери тартылууда", - деп билдирди Орунбеков.
Маалымат саясат бөлүмүнүн башчысы Кытай жарандары үчүн виза режими бар экендигин кабарлап, ТИМ билдиргендей эле алар визасы бүткөндө чыгып кетишерин баса белгиледи. Ошондой эле окуяны ашыра жазып, чагымчыл кылып жаткандар өлкөгө өнүгүү жана тынчтык каалабагандар экендигин кошумчалады.
"Мыйзам иштейт, ким экенине карабай, жарандыгына карабай, Кыргызстандын мыйзамын бузса – ал тиешелүү жазасын алат. Ал эми Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу бүтсө, мамлекетибиз жылына 500 миллион доллардан ашык кирешелерди табат. Бул Кумтөрдүн кирешеси менен бирдей эле болуп калат. Алтынды казсаң түгөнөт, ал эми темир жолдун келечеги түбөлүк, кирешеси дагы түбөлүк. Эң башкысы "тупик" өлкө болбой, дүйнөгө, деңиз жолдоруна чыгабыз. Азыр дүйнөгө чыгуу мүмкүнчүлүктөрүбүз унаа жол аркылуу, көз карандыбыз. Андыктан, чагымчылдык кылып, “Кыргызстан темир жолун курбай калса, тупикте жашап, көз каранды эле болуп отура берсе” деген күчтөрдүн чырагына май тамызбай, кенен ойлонуп, келечекти карайлы, туугандар!" - деп жыйынтыктады ал өз билдирүүсүн.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: