Жапаровдун Өзбекстанга болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди (фото)
Президент Садыр Жапаровдун 15-16-ноябрда Өзбекстанга болгон иш сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Сапардын биринчи күнүндө мамлекет башчысы Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Тараптар кыргыз-өзбек кызматташтыгын мындан ары да чыңдоо маселелерин талкуулашты, анын ичинде саясий диалогду өнүктүрүү, соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы ишеним жана ынак коңшулук мамилелерди бекемдеген маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү маселелери каралды.
Андан соң Садыр Жапаров Ташкент шаарындагы Ислам цивилизациясы борборуна барды. Региондун лидерлерине ислам илиминин, маданиятынын жана агартуусунун өнүгүшүнө Борбордук Азия элдеринин көп кылымдык салымын чагылдырган кол жазмалардын, артефакттардын жана уникалдуу экспонаттардын бай коллекциясы тааныштырылды.
Мамлекет башчысы сапардын экинчи күнүндө Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жетинчи консультативдик жолугушуусуна катышып, сөз сүйлөдү.
Андан соң мамлекет башчылар бир катар көп тараптуу документтерге, анын ичинде Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын БУУнун мүчө-мамлекеттерине Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2027-2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлиги боюнча кайрылуусуна кол коюшту.
Өзбекстанга болгон иш сапарын аяктаган соң, Садыр Жапаров кечээ, 16-ноябрда Бишкек шаарына кайтып келди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
22:40
2025-11-18
15:55
2025-11-18
9:35
2025-11-18
8:59
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















