Трамп Эпштейн тууралуу суроо берген журналистке орой мамиле жасады
АКШнын президенти Дональд Трамп финансист Жеффри Эпштейн менен болгон байланышын жашырышы мүмкүн экенине байланышкан суроо берген журналистке орой мамиле жасады. Окуя Палм-Бичте АКШ лидеринин журналисттер менен баарлашуу учурунда болгонун чет элдик басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, журналист АКШ президентинен конгрессмен Томас Массинин айткандары боюнча маалымат берүүсүн суранган.
"Мен бул тууралуу сүйлөшкүм келбейт, анткени силер сыяктуу жалган жаңылыктарды тараткандар, бул теманы кайра-кайра көтөрүп, Трамп администрациясынын укмуштуудай жетишкендиктеринен көңүлдү бурууга аракет кыласыңар. Ал эми сен жийиркеничтүү репортёрсуң",- деп жооп берген Трамп.
Буга чейин демократ-сенатор Крис Мерфи Трамптын Жеффри Эпштейндин кылмыштуу ишмердүүлүгүнө байланышкан файлдардын жарыяланышы мүмкүн болгонуна байланыштуу күн сайын толкунданып жатканын билдирген. Ал ошондой эле Эпштейндин материалдары президенттик тарыхтагы эң чоң жаңжал болушу мүмкүн экенин жана бул Трамптын бийликтен кетишине алып келиши ыктымал экенин айткан.
Эске сала кетсек, 2019-жылы Жеффри Эпштейнге АКШда жашы жете электерди сексуалдык эксплуатация максатында сатууга байланыштуу айып коюлуп, ага 40 жылга чейин эркинен ажыратуу коркунучу жаралган. Айыптоочулардын маалыматы боюнча, ал 2002-2005-жылдары ондогон жашы жете элек кыздар менен жыныстык байланышта болуп, кээ бирлерине жаңы кыздарды алып келүүгө буйрук берген. Айрым жабырлануучулардын 14 жашка да толо элек болгону айтылган.
Эпштейндин жансыз денеси 2019-жылы сот процесси жүрүп жатканда, абактан табылган. Расмий маалыматтар боюнча, ал өзүнө кол салган. Бирок анын өлүмүнө байланыштуу көптөгөн божомолдор айтылып келет.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















