Орбан Орусиянын Евробиримдикке кол салуу үчүн аскердик күчү жок экенин билдирди
Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Орусиянын Европа биримдигине кол салууга жеткидей аскердик кубаты жок экенин айтты. Бул тууралуу ал Axel Springer медиатобунун башкы директору Матиас Дёпфнерге берген маегинде билдирди.
Виктор Орбандын айтымында, Евробиримдикке кирген 27 өлкөнүн жалпы калкы 400 миллиондон ашат, ал эми Орусиянын калкы 140 миллионду түзөт. Ал Орусиянын кол салуу коркунучу жөнүндө кооптонууларды "күлкүлүү" деп атады.
Венгрия лидери ошондой эле Евробиримдиктин аскердик күчү Орусияныкынан кыйла жогору экенин маалымдады.
Саясатчынын айтуусунда, Орусия үч жылдан ашык убакыттан бери Украинадагы согуш аракеттерин аяктай албай келет. Ошондуктан Орбан Европаны Орусиядан алсызыраак деген пикирге ишенбей турганын билдирди.
Маек учурунда ал Украинадагы жаңжал жакында аякташы мүмкүн экенин да айтты. Венгриянын премьер-министри тынчтыкка жетүү үчүн Батыштын бирдиктүү позициясы зарыл экенин белгиледи. Анын пикири боюнча, европалыктар фронт сызыгында кырдаал Киевдин пайдасына жылышын жана сүйлөшүүлөр үчүн ыңгайлуу шарт түзүлүшүн күтүп жатышат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















