super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Нурдан Орунтаев Токмоктогу жаңы спорт комплексинин курулушу менен таанышты (фото)

 
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Токмок шаарындагы бир катар объекттерде жүрүп жаткан курулуш иштери менен таанышты. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Иш-чара жаңы спорт комплекси курулуп жаткан аянтты текшерүүдөн башталып, ага шаар мэри Алтынбек Эргешов жана тиешелүү кызматкерлер катышты.
Шаардын 3-кичи районунда курулуп жаткан спорт комплексинде жаштар үчүн бардык шарттар түзүлөт. Жалпы аянты 1320 чарчы метр. Долбоорго ылайык, кичи футбол аянтчасы, бокс жана күрөш боюнча атайын машыгуу залы, машыктыруучулардын бөлмөсү жана кийинип-чечинүүчү бөлмөлөр каралган. Спорт комплекс жалпы 200дөй көрүүчүгө ылайыкталган, ал эми экинчи кабатына стол тенниси үчүн зал каралган.
Министр курулуштун сапатына көңүл буруп, объектти белгиленген мөөнөттө толугу менен бүтүрүүнү тапшырды.
Белгилей кетсек, жаңы спорттук комплекстин курулушу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасына ылайык, быйыл июль айында башталган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: