super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

The Lancet: Дүйнөдө балдар арасында гипертония оорусу көбөйүүдө

 

Дүйнөдө балдар арасында гипертония учурлары көбөйүүдө. The Lancet журналында жарыяланган жаңы изилдөөгө ылайык, балдардагы гипертония дүйнө жүзүндө олуттуу жана өсүп жаткан көйгөйгө айланууда. Адистер бул тенденцияны жашоо образындагы өзгөрүүлөр жана семирүүнүн көбөйүшү менен байланыштырууда.

Изилдөөдө 443 миңден ашык баланын маалыматтары талданып, 2000–2020-жылдар аралыгында гипертониянын жайылышы дээрлик эки эсеге көбөйгөнү аныкталды. Эркек балдар арасында көрсөткүч 3,4 пайыздан 6,53 пайызга, ал эми кыздарда 3,02 пайыздан 5,82 пайызга өскөн.

Испан кардиология коомунун президенти Игнасио Фернандес Лосано бул жыйынтыктар адистер көптөн бери байкап жүргөн кооптуу тенденцияны ырастай турганын айтты. ДССУнун маалыматына ылайык, дүйнөдө гипертониясы бар 1,13 миллиард адамдын 40 пайызы оорулуу экенин өздөрү билбейт, анын болгону 10 пайызы гана дарыланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: