Орусияда 6 жашар бала мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү айтылды
Орусиянын Москва облусунун Балашиха шаарындагы батирдин балконунан мектеп окуучусунун сөөгү табылды. Анын башын кесип, көлгө таштап салышкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Укук коргоо органдары кылмышкерди издеп жатышат. Алдын ала маалыматтарга караганда, ал баланын өгөй атасы. Тергөөчүлөр буга чейин ондогон адамдарды суракка алышкан.
Укук коргоо органдарынын кызматкерлери бул оор кылмышка баланын энесинен дагы шектенип жатышат, ал баңгизат колдонуп жүргөн.
Алдын ала маалыматтарга караганда, 6 жашар бала эки күн мурун өлтүрүлгөн.
Тергөө комитети кылмыш ишин козгоду, анын үстүнөн прокуратура көзөмөл жүргүзүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:03
2025-11-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















