Британия окумуштуулары Эмма Стоунду дүйнөдөгү эң сулуу аял деп аташты
Британия окумуштуулары актриса Эмма Стоунду дүйнөдөгү эң сулуу аял деп аташты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Актрисанын бет пропорциялары "алтын катыш" (золотое сечение) аркылуу өлчөлүп, 94,72 пайыз натыйжа алган, бул идеалдуу көрсөткүчкө жакын.
"Биз анын бетинин бардык элементтерин физикалык жактан кемчиликсиздикке баалагандан кийин, ал ачык жеңүүчү болуп чыкты",- деди Лондондогу пластикалык хирургия борборунун директору Джулиан Де Силва.
Кайсы аялдар эң сулуу экенин түшүнүү үчүн, дарыгер адамдын физикалык жактан эмне үчүн жагымдуу экенинин айрым сырларын ачкан компьютердик бет анализинин ыкмаларын колдонгон. Адамдын денесинин пропорциялары (1.618) канчалык жакын болсо, алар ошончолук сулуу деп эсептелет.
Алтын катыш - бул гректер тарабынан сулуулукту өлчөө аракетинде иштелип чыккан математикалык теңдеме. Аны дээрлик бардык нерсеге колдонсо болот. Сүрөтчү Леонардо да Винчи өзүнүн белгилүү "Витрувиялык адам" чыгармасында идеалдуу эркектин денесин сүрөттөө үчүн алтын катышты колдонгон.
Эмма Стоундун жаагы дээрлик кемчиликсиз (97 пайыз) жана эриндери кемчиликсиз пропорцияда (95,6 пайыз).
Ал алтын катыштын бардык элементтери боюнча биринчи орунду ээледи.
Доктор Де Силванын анализи Эмма Стоунду эң сулуу аял деп тапса, он катышуучунун баары 100 пайыз идеалдуу көрсөткүчтөргө жакын болгон. "Илимий жактан сулуу" жүздөргө ээ болгон башка жылдыздардын катарына Зендая, Бейонсе жана Марго Робби кирет.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















