Мексиканын борборунда митинг өтүп, 120 адам жаракат алды (видео)
Мексико шаарында миңдеген Z муунунун өкүлдөрү кылмыштуулуктун жана коррупциянын өсүшүнө каршы митингге чыгышты. Митинг полиция жана жаштардын кагылышуусу менен аяктаганын чет элдик басылмалар жазышты.
Бийликтин маалыматына ылайык, 120 адам жабыркаган. Шаардын коопсуздук катчысы Пабло Васкес 100 полиция кызматкери жаракат алганын, алардын 40ы ооруканага жаткырылганын билдирген. Акцияга катышкандардан 20сы кармалган.
Митингди жаш активисттер "Z мууну" аттуу ураан менен уюштурушкан.
Мексико шаарынын мэри Клара Бругада митингдин радикалдык аракеттерин айыптап, зордук-зомбулук башкалардын укуктарын бузуп жатканын баса белгилеген.
Митингдер өлкөнүн башка аймактарында да уланган. Мексика өкмөтү акцияларды оңчул саясий оппоненттер уюштурганын жана социалдык тармактарда боттордун жардамы менен күчөп жатканын билдирген.
Мексиканын борборунда митинг өтүп, 120 адам жаракат алды
0

Супер-Инфо
super.kg видео















