super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

"Биринчи мугалим" тасмасындагы Дүйшөндүн ролун жараткан Болот Бейшеналиев тууралуу фактылар 

 

Бул күнү, 17- ноябрда Кыргыз Эл артисти, легендарлуу актёр Болот Бейшеналиев мындан 24 жыл мурун 64 жаш курагында дүйнө салган. Ал каза болгондон кийин туулган жери Кемин айылында ага эстелик тургузулуп, анын ысымын айылдык кинотеатрга беришкен.

Болот Бейшеналиев 1937-жылы 25-июнда Чүй боорундагы Кемин районунун Калмак-Ашуу айылында жарык дүйнөгө келген. Балалыгы каардуу согуш мезгилине туш келип, жаштайынан бекем болууга үйрөнгөн. Актёрдун атасы Бейшеналы да эл катары согушка аттанып, 1943-жылы бутунан жаракат алып кайтып келген.

Чыгармачылык жолу

Болот Бейшеналиев чыгармачыл чөйрөгө кокустан келип калган. Ал алгач Айыл чарба институтуна окууга келип, орус тилин начар билгендиктен өтпөй калат. Андан кийин үйүнө кайтпаш үчүн Кыргыз Опера жана балет театрына жөн гана жумушчу болуп ишке орношот. Анын максаты орус тилин үйрөнүү, бир жылдан кийин окууга өтүү болгон. Бир күнү достору менен "Айчүрөк" операсына кирип, Семетейдин ролун аткарган айылдашы Кыдырбек Чодроновду көрүп, тагдырында бурулуш башталат. Анын таасири менен Опера жана балет театрынын алдындагы студияга тапшырып, окуп бүтөт. Бейшеналиевдин чыгармачылык жолу мына ушинтип башталган.

Болот Бейшеналиевдин ташкындаган талантын байкаган ошол кездеги маданият министри Ташкенттеги театралдык институтка барып окууну сунуштайт. Бейшеналиев аталган институтту ийгиликтүү аяктап келгенден кийин артисттерди бөлүштүрүү башталып, министрдин чечими менен Бейшеналиев Нарын театрына бөлүнөт. Бирок актёр ал жакка баруудан баш тартат. Бейшеналиевдин мындай кылганына ачууланган министр институтка кат жиберип, "Болот ишке алынбасын" деп катуу эскертет. Ошентип аны эч жер кабыл албай, бир жылдай бош жүрүп калат.

Бир күнү тааныш кинооператору "Кыргызфильмге" чакырып, режиссёр Мелис Убукеевдин киришүүсү менен эң биринчи жолу "Тайгак кечүү" фильмине тартылат. Ушул фильмден кийин эле "Биринчи мугалим" тасмасы экрандаштырылып, мугалим Дүйшөндүн ролу берилет. Актёрдун жарк эткен жылдызы ушул фильмден кийин жанып, анын таланты баалана баштайт. Ушундан соң анын жашоосу, өмүрү, сүйүүсү жалгыз гана киного байланып калат.

"Биринчи мугалимден" кийин "Ак мөөрдө" Болоттун, "Саманчынын жолунда" Касымдын, "Отко таазимде" Азизовдун, "Жамийлада" сүрөтчүнүн ролун чеберчилик менен аткарган.

Үй-бүлөсү

Актёр 60-жылдардын аягында "Кызыл кумдар" аттуу өзбек тасмасына тартылган. Ал жерден түркмөн кызы Гүлсара менен таанышып, түгөйлөр баш кошушат. Бирок экөөнүн үй-бүлөлүк бактысы көпкө узабай, Азиз аттуу уулдуу, Гүлназ аттуу кыздуу болгондон кийин эки жолго түшүшкөн.

Андан соң көп жылдар бою Москвада жашап, ал жактан Стелла аттуу айымга үйлөнөт. Аны менен көп жылдар бою чогуу жашап, бирок түгөйлөр ажырашууну чечишет. 1991-жылы апасынын өтүнүчү менен мекенине кайтып келип, Турсун Тураева аттуу айымга жолугуп, алар 11 жыл, өмүрүнүн акырына чейин бирге өмүр сүрүшкөн.

Болот Бейшеналиевдин уулу Азиз Бейшеналиев ата жолун улап, учурда актёр. Азиз Бейшеналиев алгач 1997-жылы "Темирлан" фильмине атасы менен бирге тартылган. Атасы хандын ролун, ал эми уулу баласынын ролун аткарышкан. Андан соң "Трио" аттуу фильмде, 2006-жылы казактардын "Көчмөндөр" тасмасында роль жараткан. Мындан көп өтпөй эле казактардын чоң фильмине тартылууга чакыртылып, "Мустафа Чокай" киносунда башкы каармандын ролун жараткан.

Сыйлыктары

Болот Бейшеналиев жүздөн ашык кино тасмага тартылган. Залкар артист Кыргыз Эл артисти наамы жана казактардын "Алтын көпүрө" сыйлыгы менен сыйланган. Мындан тышкары көптөгөн Ардак грамоталар ыйгарылган.

Кыргыз Эл артисти 2001-жылы 17-ноябрь күнү 64 жаш курагында капысынан жүрөк оорусунан улам кайтыш болгон. Каза болгондон кийин туулган жери Кемин айылында ага эстелик тургузулуп, анын ысымын айылдык кинотеатрга беришкен.
















 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: