Социалдык тармактарда "блогер чоң атанын" видеосу тарады
Социалдык тармактарда небересинин телефонун алып "блогерлик" кылган чоң атанын видеосу тарады. Анда ал телефонду атайын катып алганын, небереси аны издеп жүргөнүн айтат.
Сүйлөп жаткан чоң ата бир убакта "давай достор, колум үшүп кетти, чөнтөгүмө салып алайын" деп, видеону өчүрбөстөн чөнтөгүнө салат. Бир убакта чөнтөгүнөн алып чыгып, кайрадан "блогерликти" улантат. Видеонун аягында небереси "ата, мен издеп жүрбөймбү үйдөн, эмне видео тартып жатасызбы?" деп келип калат.
Комментарийлерде "телефонду кайрадан небересине бербей эле койсо сонун болмок, атаны көргөн кызыктуу экен", "кандай гана мээримдүү чоң ата", "атанын өмүрү узун болсун" деген жылуу пикирлер жазылууда.
Социалдык тармактарда "блогер чоң атанын" видеосу тарады
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:50
2025-11-20
22:07
2025-11-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















