Өлкөдө оор жана анча оор эмес кылмыштар үчүн соттолгондор таксиде иштей алышпайт
Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген бардык айдоочуларды (такси) лицензия алуу үчүн документтерди өз убагында даярдоого жана тапшырууга чакырды.
Маалым болгондой, документтерди 1-декабрга чейин тапшыруу керек.
Лицензия алуу үчүн төмөнкү документтердин чогултуу талап кылынат, жеке жактар үчүн:
- транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктүн, транспорт каражатын башкаруу укугуна ишеним каттын көчүрмөсү;
- техникалык кароодон өткөндүгү жөнүндө актынын көчүрмөсү;
- ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишиминин көчүрмөсү;
- менчик укугунда же оперативдүү башкаруу укугунда автомобилдик транспорт каражаттарын күн сайын каттам алдында техникалык кароо жана айдоочуларды медициналык кароо үчүн өндүрүштүк-техникалык базасы бар юридикалык же жеке жактар менен түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү;
- үч жылдан кем эмес айдоочулук стажы бар тиешелүү категориядагы айдоочулук күбөлүктүн көчүрмөсү;
- белгиленген формадагы ден соолуктун абалы жөнүндө медициналык маалымкат;
- соттуулугу жоктугу тууралуу маалымкат.
Мекемеден кошумчалашкандай, оор жана анча оор эмес кылмыштар боюнча соттолгон жарандарга лицензия берилбейт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:50
2025-11-20
22:07
2025-11-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















