Өзгөчө ракурста тартылган жаныбарлардын сүрөттөрү кызуу талкууда
Фотограф Андрюс Бурба үй жаныбарларын күтүлбөгөн ракурстан тарткан уникалдуу сүрөттөр сериясын сунуштады. Ал "Underlook" деп аталган долбоору аркылуу жаныбарларды ылдый жактан, бекем айнектин астынан тартып, алардын адатта көзгө көрүнбөгөн тамандарын, курсактарын жана дене түзүлүшүн ачып көрсөтөт.
Автордун айтымында, идея кокустук менен жаралган. Ал интернеттен айнектин үстүндө жаткан мышыктын сүрөтүн көрүп, бул ойду кесипкөйлүк менен ишке ашырууну чечкен.
Фотографтын "Under-Cats", "Under-Dogs", "Under-Horse" жана башка сериялары социалдык тармактарда тез эле тарап, көрүүчүлөрдү жаныбарларга таптакыр башкача көз караш менен кароого мүмкүнчүлүк берди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:03
2025-11-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















