Телефонго алаксып кетпегиле. Жол милициясы айдоочуларга кайрылды
Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы айдоочуларды рулда отурган мезгилде уюлдук телефон колдонбоого чакырат.
Мекеме эскерткендей, унааны башкарып телефонго алаксып кетүү – жол кырсыктарынын эң негизги себептеринин бири болуп, айрым учурларда адам өмүрүн алган оор трагедияларга алып келүүдө.
Кайгуул кызматкерлери күн сайын жолдордо көзөмөл жүргүзүп, айдоочуларга телефон колдонуу болгону бир секунддук алаксытуу экенин, ошол бир секунд өмүр бою өкүнтүп кала турган кайгылуу кесепетке алып келерин эскертишет.
Айрыкча төмөнкүлөргө басым жасалды:
• рулда баратып телефон менен сүйлөшүү, жазышуу жана социалдык тармактарды карап отурууга тыюу салынат;
• бул нерсе айдоочунун реакциясын кескин төмөндөтүп, жөө жүргүнчүлөргө жана башка унааларга коркунуч жаратат;
• жол коопсуздугу - ар бир айдоочунун жеке жоопкерчилиги.
Унааны башкарып телефонго алаксып кетүү – жол кырсыктарынын эң негизги себептеринин бири болууда
0

Супер-Инфо
super.kg видео















