super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Алымбек датканын 225 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмө-сынагы ийгиликтүү жыйынтыкталды (фото)

 
Алымбек датканын 225 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмө-сынагы ийгиликтүү жыйынтыкталды. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти.
Сыдыков атындагы Кыргыз–Өзбек эл аралык университетинде Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин демилгеси менен уюштурулган сүрөт көргөзмө-сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды.
Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Нурлан Закиров, университет жетекчилиги, окутуучулар жана студенттер катышты. Тажрыйбалуу калыстар студенттердин эмгектерин баалап, мыктыларды тандап алды.
Жеңүүчүлөр:
• Баш байге (30 миң сом): Бану Гапыржанова
• I орун (20 миң сом): Элиза Ысмаилова
• II орун (15 миң сом): Токтогул кызы Сүйүмкан
• III орун (10 миң сом): Көчкөнбаева Лира
Активдүү катышкан бир нече студенттер 3000 сом жана дипломдор менен сыйланышты. Ал эми Ош шаардык балдар реабилитациялык борбору үчүн тартылган сүрөттөр арасынан Адилбек кызы Аяна баш байгеге ээ болуп, 30 миң сом жана диплом менен сыйланды.
Университеттин ректору Абдилбает Мамасыдыков Жеңишбек Токторбаевдин колдоосуна ыраазычылык билдирип, мэрдин фондунан берилген сыйлыктар жаштарга чоң дем бергенин белгиледи.
Ошондой эле Илим күнүнө карата бир катар окутуучуларга Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары тапшырылды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: