super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Тейлор Свифт тарыхта коммерциялык жактан эң мыкты аткаруучу болду

 

Америкалык ырчы Тейлор Свифт ChartMasters рейтинги боюнча тарыхтагы коммерциялык жактан эң ийгиликтүү аткаруучу болду. Ал дүйнөлүк жалпы тизмеде бешинчи орунду ээледи.

ChartMasters рейтинги музыка керектөөнүн бардык түрлөрүн, тагыраагы, физикалык жана санарип альбомдорду, синглдерди жана стримингди бириктирген Equivalent Album Sales (EAS) метрикасына негизделет. Изилдөө боюнча, Тейлор Свифттин релиздери бардык форматтарда 253,7 миллион жолу сатылган. Ошентип, ал буга чейин алдыда жүргөн Мадоннаны артта калтырды.

Мадонна альбом сатуу боюнча лидер болгону менен Свифт синглдерди сатуу боюнча чоң айырма менен алдыда. Свифттики 175,6 миллион болсо, Мадоннаныкы 42,1 миллионду түзөт. Жалпы рейтингде Свифттен жогору болгондордун катарында The Beatles, Майкл Жексон, Элвис Пресли жана Queen бар.

35 жаштагы Тейлор Свифт Пенсильвания штатында төрөлгөн. 2023-жылы Time журналы аны "Жылдын адамы" деп атаган. Анын жети альбому бир жумада бир миллиондон ашык нускада сатылган. 2023-жылдагы The Eras Tour тарыхтагы эң кирешелүү концерттик тур болуп, анын кирешеси 1 миллиард доллардан ашкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: