super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Орусияда күйөөсү аялын өлтүрүүгө аракет кылды

 

Орусиянын Кемерово облусунда киши аялын өлтүрүүгө аракет кылган деп шектелип кармалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Окуя алар чогуу ичимдик ичип отурган учурда болгон. 36 жаштагы киши аялы менен балконго чыгып, алар урушуп кетишкен. Киши аялды биринчи кабатта жайгашкан балкондон ыргытып жиберген. Ички иштер министрлиги чыр-чатактын себебин ачыктаган эмес.

Өтүп бараткандар "Тез жардам" чакырышкан. Жабырлануучу травматология бөлүмүнө жеткирилип, ал ооруканага жатуудан баш тарткан. Медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин күйөөсү аны көчөдөн тосуп алып, башына бөтөлкө менен урган.

"Аялга баш мээ жаракаты, жүлүндүн контузиясы жана байламтасынын чоюлушу диагнозу коюлган",- деп айтылат расмий билдирүүдө.

Медицина кызматкерлери окуя тууралуу полицияга билдиришкен. Аялдын абалы орточо деп бааланган.

Кол салган адамга кылмыш иши козголуп, сот аны бир жылга шарттуу түрдө эркинен ажыраткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: