Айбек Жунушалиев өрттөн жабыркагандарга жардам берүүнү тапшырды (фото)
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Чыңгыз Айтматов проспектинде өрт чыккан үйгө барып, тургундар менен жолукту. Ал алардын кайрылууларын угуп, мэрия жабыркаган үй-бүлөлөргө биринчи кезектеги жардам көрсөтүү иштерин баштаганын билдирди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалымдалгандай, текшерүү учурунда имарат катуу жабыркап, жашоого жараксыз экени аныкталды. Мэрияда жабыркаган үй-бүлөлөрдүн турак жай маселесин чечүүгө багытталган бир нече вариант каралууда. Анда тургундарды Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу турак жай менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү боюнча мамлекет башчысына кайрылуу сунушталууда.
Өрт болгон жерге баргандан кийин Айбек Жунушалиев ооруканада жаткан жабыркагандарды да барып көрдү. Ал алардын абалын сурап, мэриянын резервдик фондунан каражат бөлүү үчүн зарыл болгон документтер даярдалып жатканын билдирди.
Өрттөн жабыркаган үйдүн жашоочулары убактылуу Каниметов атындагы №1 Гимназия-интернатына жайгаштырылды. Ал жерде негизги шарттар түзүлүп, шаардык кызматтар керектүү жардам көрсөтүп, учурдагы маселелерди чечүүгө көмөктөшүп жатышат.
Бишкек шаарынын мэриясы кырдаалды тыкыр көзөмөлдөп, жабыркаган үй-бүлөлөргө жардам толук көрсөтүлүшүн камсыз кылуу боюнча иштерди улантууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















