Чүйдөгү айдоочулардын мушташы: Жабырлануучунун абалы айтылды
Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Константиновка айлында катталган чырдан улам жабыркаган айдоочунун абалы орточо. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда Саламаттыкты сактоо министрлиги SUPER.KG порталына билдирди.
Маалыматка ылайык, 15-ноябрь күнү саат 16:00дө Чүй облустук ооруканасынын травматология бөлүмүнө 20 жаштагы жаран "Тез жардам" унаасы аркылуу келип түшкөн.
"Бейтап жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Анын башы жаракат алып, мээси чайкалган. Мындаш тышкары, колунда жана бутунда жаракаттар бар. Учурда бейтапка керектүү дарылар берилип жатат, абалы орто",- деп билдирди министрлик.
Буга чейин Чүй облустук милициясына арыз менен 2005-жылы туулган К.А. аттуу Бишкек шаарынын тургуну кайрылган.
Окуя боюнча 44 адам тергөө иштерин жүргүзүү үчүн ички иштер башкармалыгына жеткирилип, 16 адам убактылуу кармоо жайына киргизилген.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















