super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Өлкөдө ОРВИ жана сасык тумоо менен ооругандардын саны көбөйүүдө 

 

Өлкөдө ОРВИ жана сасык тумоо менен ооругандардын саны көбөйүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын акыркы жумасында республика боюнча 7 миң 966 учур ОРВИ жана сасык тумоо катталган. Бул көрсөткүч өткөн жумага салыштырмалуу 17,3 пайызга көп болгон. Ооругандардын 65 пайыздан көбү 14 жашка чейинки балдар. Ал эми ооругандардын 8 пайыздан көбү ооруканага жаткырылган.

Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында оор курч респиратордук инфекциялар жана сасык тумоого окшош оорулар боюнча байкоо көзөмөлү уланууда.

"Өлкөнүн бардык аймагында окуучулардын мектепке баруусуна мониторинг жүргүзүлүүдө. Бишкек шаарында акыркы жумада окуучулардын ОРВИден улам сабакка барбоо деңгээли 3,2 пайызды түзүп, сезондук нормада калууда",- деп билдирди министрлик.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: