АКШда коммерциялык каттамдарга чектөөлөр алынды
АКШ өкмөтүнүн иши убактылуу токтогонуна байланыштуу өлкөдөгү 40 ири аэропортко киргизилген коммерциялык учуулардагы чектөөлөр толук алынмай болду. Бул тууралуу АКШнын транспорт министри Шон Даффи жана Федеральдык авиация администрациясынын (FAA) жетекчиси Брайан Бедфорд биргелешкен билдирүү таратып, учууларды азайтууга мажбурлаган өзгөчө буйрук бүгүн күчүн жоготорун маалымдашты.
Министр Даффи узакка созулган өкмөттүк жабылуу маалында аба мейкиндигин коопсуз кармап турган FAA'нын адистерине ыраазычылык билдирип, аба кыймылын жөнгө салуучулар толук кандуу ишке кайтаарын айтты. Бедфорд да коопсуздук кызматкерлеринин эмгегин белгилеп, чектөөлөр алынгандан кийин аэропорттор кадимки графикке өтөрүн билдирди.
Эске салсак, 5-ноябрда FAA өкмөттүн иши токтогон шартта аба кыймылын көзөмөлдөөчүлөрдүн жүгүн азайтуу үчүн 40 аэропортто учуу кубаттуулугун 10 пайыз кыскарткан. Нью-Йорк, Чикаго, Лос-Анжелес жана Атланта сыяктуу шаарлардын аба мейкиндиктери эң көп зыян тарткандардын катарында болгон.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















