super.kg logo

Бишкекте мас абалындагы айдоочу МАИ кызматкерин муунтканга аракет кылды

 
Мас абалындагы айдоочу аны токтоткон МАИ кызматкерин муунтканга аракет кылган. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда Бишкек ШИИББинен маалымдашты.
Маалыматка ылайык, 17-январда саат 13:30 чамасында Аламүдүн районундагы жол жээгинде нөөмөтүн өтөп турган Жол-кайгуул кызматкерлери жол эрежесин бузган Мерседес үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Рулда отурган 48 жаштагы айдоочу мас абалында болгондуктан, аны текшерүү үчүн наркологиялык борборго алып баруу сунушун айткан. Айдоочу макул болуп МАИчинин унаасына отурган. Арткы отургучта отурган мас айдоочу жолдо баратканда инспекторго кол салып, муунтуп кирген. МАИ кызматкери андан зорго кутулуп, жардамга кесиптештерин чакырган. Андан соң айдоочуну милициянын райондук бөлүмүнө өткөрүп беришкен. Учурда бардык материалдар топтолуп, тергөө иштери жүрүүдө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
23.01.2014. 00:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде эч бир мыйзам иштебейт.Ар кандай милицияны урса,мыскылдаса,иштен айдатса,ж.б нерселерди Кыргызстанда жасаса боло берет лишь бы акчан,таанышын болсо болду.Башка мамлекетте кылып корчу сразу турмого кетесин.Бизде ырчысы деле уруп аткан МАИни жонокою деле уруп аткан айтор-----бардак.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: