Өкмөт башчы ИДПнын көлөмү 1 триллион 427,3 миллиард сомго жеткенин айтты
Жылдын башынан тартып ИДПнын реалдуу өсүү темпи 10 пайызды түздү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев аппараттык жыйында билдирди.
Анын айтымында, быйылкы жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча ИДПнын көлөмү 1 триллион 427,3 миллиард сомду түзгөн. Касымалиев өсүшкө бардык тармактар өзүнүн салымын кошуп жатканын белгиледи.
"Курулуш сектору 27,7 пайызга, кызмат көрсөтүүлөр 8,8 пайызга, айыл чарба 2 пайызга өстү. Өнөр жай тармагында өсүш 9,9 пайызды түздү. Айрыкча фармацевтикада өсүш 2 эсеге, тамак-аш азыктарын өндүрүү 33,6 пайызга, ал эми резина, пластмасса буюмдарын жана курулуш материалдарын өндүрүү 33,8 пайызга, химиялык продукциялары 19,6 пайызга, текстиль, кийим-кече өндүрүү 9,4 пайызга, ошондой эле пайдалуу кендерди казуу 17,1 пайызга. Бул жакшы көрүнүш.
10 айдын жыйынтыгы боюнча негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 246,7 миллиард сомду түзүп, 18,9 пайызга өстү. Негизги капиталга инвестициялардын 29 пайызы же 71,1 миллиард сом республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды. Бул былтыркы жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 2,4 эсеге көп, былтыр 26,8 миллиард сом болчу", - деди ал.
Өкмөт башчы ИДПнын көлөмү 1 триллион 427,3 миллиард сомго жеткенин айтты
0
1 |

Супер-Инфо
super.kg видео















