Кийинки жылдан тарта өлкөнүн футбол чемпиондуктары өзгөрүүлөр менен өтөт
Кыргыз футбол бримдигинин президенти Камчыбек Ташиев өлкө Премьер-Лигасына катышкан клубдардын жетекчилери менен жолугушту. Бул тууралуу аталган бримдик билдирди.
Маалымдалгандай, жыйын учурунда чемпиондуктардын аталыштарын өзгөртүү боюнча чечим кабыл алынган. Эми Премьер-Лига Жогорку Лига болуп өзгөрсө, Улуттук Лига Биринчи Лига деп өзгөртүлгөн.
Жаңы сезондон тарта Биринчи Лиганын жеңүүчүсү Жогорку Лигага түз жолдомо алса, Жогорку Лигада акыркы орунду ээлеген команда Биринчи Лигага түшөт.
Бул жылы Премьер-Лигада 14 клуб ойногон болсо, кийинки жылы 16 клуб ойнойт. Тагыраагы, Улуттук Лиганы жеңип, жолдомо алган "Токтогул" клубу жана Таластын "Азия" клубу кошулат. Талас шаарынын "Азия" клубун түзүү демилгесин Өмүрбек Бабанов колдогон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:13
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















