ИИМде кытай ишкерлери менен жолугушуу өттү
Бүгүн, 17-ноябрда Ички иштер министрлигинде кытай ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу аталган министрлик кабарлады.
Маалымдалгандай, жыйынга ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Нурбек Абдиев төрагалык кылды. Жолугушууда тараптар өз ара көңүл бурууну талап кылган маселелерди талкуулашты. Кытай жарандарына Кыргызстандын мыйзам талаптары, ошондой эле жергиликтүү каада-салттарды жана коомдук турмуштун өзгөчөлүктөрүн сыйлоо боюнча принциптер жеткиликтүү түшүндүрүлүшү зарыл экендиги айтылган.
Ошондой эле биргелешкен иштин негизги максаты бардык жарандар, анын ичинде чет элдик жумушчулар үчүн туруктуу жана коопсуз чөйрөнү сактоо экендигин баса белгиленди. Ички иштер министрлиги кытай ишкерлери менен тыгыз кызматташууга ачык экендигин жана мүмкүн болгон терс жагдайларды алдын алууга көмөкчү боло турган чараларды биргеликте иштеп чыгууга даярдыгын билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:50
2025-11-20
22:07
2025-11-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















