super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Бангладеш Индиядан мурдагы премьер-министрин экстрадициялоону талап кылды

 

Бангладештин убактылуу өкмөтү Индияны Бангладештин кылмыш соту адамзатка каршы кылмыш жасаган деп таап, өлүм жазасына кескен мурдагы премьер-министр Шейх Хасинаны экстрадициялоого чакырды.

Анда Индия менен Бангладештин ортосунда экстрадициялоо келишими бар экени баса белгиленген.

Дүйшөмбү күнү Бангладештин соту бийликтен кулатылган премьер-министр Шейх Хасинаны жана мурдагы ички иштер министри Асадуззаман Хан Камалды 2024-жылдын жай айларында демонстранттарды массалык түрдө өлтүрүүгө айыптап, аларды өлүм жазасына тартуу чечимин чыгарды.

Айта кетсек, июль айында студенттер Шейх Хасинанын бийликтен кетишин талап кылып акцияга чыгышкан. Ага 2018-жылы жокко чыгарылган жумуш квотасы боюнча система кайра калыбына келтирилиши түрткү болгон.

Өкмөт башаламандыкты басуу үчүн коменданттык саат киргизип, катаал чараларды көргөн.

Хасина нааразылык акцияларынан кийин кызматынан кетип, өлкөдөн чыгып кеткен. Айрым басылмалар ал Англиядан башпаанек сурап кайрылганын жазышкан болчу. Ал арада Бангладеште "Нобель" Тынчтык сыйлыгынын лауреаты 84 жаштагы Мухаммад Юнус жетектеген убактылуу өкмөт түзүлгөн.

Бангладеште орун алган массалык башаламандык учурунда 400гө жакын жаран өлгөнүн айрым басылмалар жазып чыгышкан.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: