super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Вашингтон менен Каракастын ортосунда чыңалуу күчөдү

 

АКШнын Аскер-деңиз күчтөрү дүйнөдөгү эң ири "USS Gerald R. Ford" согуштук кемеси баштаган сокку берүүчү топту Кариб деңизине киргизди. Бул баңгизаттарды ташыгандарга каршы багытталган "Түштүк найза" аталышындагы операция экендигин чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалым болгондой, согуш кемесинде төрт миңге жакын аскер жана ондогон тактикалык учактар бар.

АКШ акыркы айларда Карибде маңзат ташыды деп шектелген бир нече кайыктарды жок кылганын билдирүүдө. Вашингтон муну транс улуттук кылмыштуулукка каршы күрөш деп түшүндүрөт.

Бул окуялар Венесуэла менен АКШнын мамилесин курчутту. Маалыматтарда Ак үй Венесуэладагы абалды турукташтырууга багытталган жашыруун операцияларга уруксат бергени айтылат. АКШ Венесуэла мамлекетинин президенти Николас Мадурону бул мыйзамсыз иштерге тиешеси бар деген таризде, аны кармоо үчүн 50 миллион доллар сунуштады.

Newsweek менен Miami Herald басылмалары америкалык аскердик кемелер Венесуэлага жакын турганын жана мүмкүн болуучу соккулар тууралуу божомолдорду жазышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: