690 сомдон ашпаш керек. УКМК эт азыктарын саткан ири ишкерлер менен жолугушууларды өткөрүүдө
УКМК тарабынан Бишкек шаардык мэриясынын, Монополияга каршы кызматтын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин катышуусунда эт азыктарын саткан ири чекене соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү менен жер-жерлерде көчмө жыйындар өткөрүлдү.
Атайын кызматтын маалымат борбору билдиргендей, рейд азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана эт азыктарынын бааларын мамлекеттик жөнгө салууга киргизилген талаптарды сактоо максатында жүргүзүлүүдө.
"Эт азыктарынын бааларын жасалма түрдө көтөрүүгө жол бербөө зарылдыгы жөнүндө маалымат берилди. Ошондой эле мыйзамсыз иш-аракеттерге баргандар мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартылары өзгөчө баса белгиленди. Баалардын жасалма кымбатташына жол бербөөгө багытталган тиешелүү иш-чаралар уланууда. Эттин баасын аныктоо саясатына карата мыйзамга туура келбеген атайылап саботаж жасагандар кылмыш жообуна тартылат",- деп билдирди УКМК.
Айта кетсек, 11-августтан тартып азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында, министрлер кабинети эттин баасын мамлекеттик жөнгө салуу тартибин киргизген. Ага ылайык эттин 1 киллограммы үчүн болгон баа 690 сомдон ашпашы керек.
Бирок УКМК баанын 790 сомдон ашбаш керектигин белгиледи.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















