Жигити мыкаачылык менен өлтүргөн Янанын окуясы: Кылмышкерлер өмүр бою эркинен ажыратылышты
Казакстанда сот 23 жаштагы Яна Легкодимованын өлүмү боюнча өкүм чыгарды. Айыпталуучу катары Яна менен мамиледе болгон Ризуан Хайржанов жана анын досу Алтынбек Катимов кармалган. Алар өмүр бою эркинен ажыратылышты.
Атырау облусунун адистештирилген райондор аралык сотунда сот процесси дээрлик эки айга созулду.
Айыпталуучулар Ризуан Хайржанов жана Алтынбек Катимов жабырлануучу тарапка моралдык зыян катары 15 миллион теңге (2 492 325 сом) төлөп берүүгө милдеттендирилди.
24 жаштагы Хайржанов менен 25 жаштагы Катимов кылмыш кодексинин эки беренеси (Алдын ала сүйлөшүп киши өлтүрүү жана башка бирөөнүн мүлкүн атайылап жок кылуу) боюнча күнөөлүү деп табылды. Шектүүлөр кылмышты мойнуна алышып, бирок кеңири көрсөтмө берүүдөн баш тартышты.
"Хайржанов менен Катимов алдын ала сүйлөшүп алып Янаны өлтүрүп, денесин дарыяга ыргытып жиберишкен. Айыпталуучулардын күнөөсү, алардын 10 күн бою киши өлтүрүүнүн ар кандай ыкмаларын талкуулаган кат алышуулары менен толук далилденди. Адам каза болгондо, анын денеси жерге берилип, көмүлүшү керек. Янанын денесинин калганын караңыз. Анын денеси жаныбарлар тарабынан бөлүктөргө бөлүнгөн. Анын денесинин калган бөлүгү кайда?",- деди судья Зарема Хамидуллина өкүм чыгарып жатып.
Прокурор жана каза болгон кыздын апасы Галина Легкодимова өкүмдү адилеттүү деп аташты.
"Өкүмдү толугу менен адилеттүү деп эсептейм. Мен сотко утулган адам катары келдим, анткени эч ким менин баламды мага кайтарып бербейт. Бирок мен алар жазалансын жана кызымдын аты, намысы бузулбай акталсын деп келдим",- деди Галина Легкодимова.
Яна Легкодимованын иши жөнүндө

23 жаштагы Яна 2024-жылдын 18-октябрынан 19-октябрына караган түнү Атырау шаарында өлтүрүлгөн. Анын сөөгү Урал дарыясынын жээгинен сегиз айдан кийин, 2025-жылдын 20-июнунда табылган.
Тергөөчүлөрдүн айтымында, 18-октябрь күнү кечинде Яна 2024-жылдын июнь айынан бери мамиледе болгон Ризуан Хайржановдун чалуусунан кийин үйүнөн чыгып кеткен. Алар бир университетте окушкан жана 2022-жылдан бери тааныш болушкан. Аны акыркы жолу Хайржановдун унаасынан көрүшкөн.
Кылмыш ишинин материалдарына ылайык, Хайржанов Янаны унаада муунтуп өлтүргөн, ал эми досу Алтынбек Катимов анын качып кетишине жол бербөө үчүн эшикти кармап турган. Андан кийин алар анын сөөгүн Талдыкол айылынын жанындагы дарыяга таштап кетишкен.
2024-жылдын 20-октябрында Янанын апасы иш сапарынан Атырауга кайтып келип, дароо полицияга дайынсыз жоголгон кызы боюнча арыз жазган. Укук коргоо органдары Янанын өлүмүнө шектүүлөрдү таап, 22-октябрда Хайржанов менен Катимов камакка алынган.
Хайржанов башка кыз менен сүйлөшүп жүргөнүн жана үйлөнүүнү пландап жатканын Яна билгенден кийин, Хайржанов аны өлтүрүүнү чечкен. Анткени Яна Хайржановго аны алдоону токтотуп, колуктусуна баарын айтып бериши керектигин талап кылган.
Тергөөчүлөр Хайржанов менен Катимовдун ортосундагы кат алышууларды табышкан, анда алар 8-октябрда киши өлтүрүүнү пландай башташканы, кылмышты кантип жасоону жана сөөктү кантип жок кылууну майда-чүйдөсүнө чейин талкуулап, кызды кантип өлтүрө тургандыгы жөнүндө көп тамашалашканы көрсөтүлгөн.
"Баары кемчиликсиз болушу керек",- деп бири-бирине жазышкан. Киши өлтүрүүдөн кийин жаш жигиттер ичимдик ичишкен. Катимов менен Хайржанов ошондой эле жазадан качуу үчүн укук коргоо органдарынын кызматкерлерине пара берүүнү сунушташкан.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















