Израил Палестина лидерлерине каршы күч колдонууну айтып коркутту
Израилдин улуттук коопсуздук министри Итамар Бен-Гвир Палестинаны БУУда таануу боюнча аракеттер жүрсө, Тель-Авив Палестина администрациясынын жетекчилигине каршы күч колдонууга аргасыз болорун билдирди. Бен-Гвир телеграм каналында жарыялаган билдирүүсүндө, Палестинанын учурдагы жетекчилиги террордук уюмдарды колдойт деп эсептей турганын, президент Махмуд Аббас менен айрым жогорку кызматкерлерди камоого буйрук берилиши керектигин айтты.
Маалым болгондой, азыркы учурда 150дөн ашык мамлекет Палестинанын көз карандысыздыгын тааныйт. Сентябрь айында Франция, Португалия, Улуу Британия, Канада жана Австралия кошулду. Израил болсо Палестина мамлекетинин түзүлүшүнө туруктуу каршы чыгууда.
Ноябрдын ортосунда Израилдин коргоо министри Исраэль Кац Газа секторун толугу менен куралдан тазалоо жана ХАМАСты демилитаризациялоо планы бар экенин билдирген.
Эске салсак, 10-октябрда ок атышпоо боюнча келишим күчүнө кирген, Израил менен ХАМАС каза болгон адамдардын денелерин жана камактагы туткундарды алмашууну улантууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















