Путин мигранттарды жумуштан бошотууга себеп боло турган негиздердин тизмесин кеңейтти
Орусия президенти Владимир Путин чет өлкөлүк жумушчулар менен эмгек келишимин токтотуу негиздерин кеңейтүүчү мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Орусия басылмалары жазышты.
Маалым болгондой, эми жумуш берүүчүлөрдүн аймактар белгилеген жумуш орундарындагы квоталар ашып кеткен учурда мигранттар менен түзүлгөн эмгек келишимин бузууга укугу бар. Бул мыйзам 2026-жылдын 1-мартынан тартып күчүнө кирет.
Бул демилге Мамлекеттик Думага "Жаңы адамдар" фракциясынын депутаттары тарабынан сунушталган. Алардын айтымында, мындай чара жумуштан бошотулган мигранттардын сотко арыз жазуусун азайтат.
Белгилей кетсек, 2014-жылдан тартып Орусиянын аймактары ар жылы чет өлкөлүк жумушчуларды тартууга лимит коюу укугуна ээ. Эгер ишканалар бул чектөөлөрдү сактабаса, мигранттардын санын кыскартууга милдеттүү. Болбосо аларга административдик жаза колдонулат. Анда юридикалык жактарга 800 миңден 1 миллион рублга чейин айып пул же эки жумага чейин ишмердүүлүгүн токтотуу жазасы каралган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















