"Унаасын чимирилтип". Бишкекте автоээнбаштык кылган айдоочу кармалды (видео)
Бишкек шаарында айдоочулук күбөлүгү жок, автоээнбаштык кылган айдоочу кармалды. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ахунбаев жана Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде BMW үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жол кыймылынын эрежелерин одоно бузуп, автоээнбаштык жасаган.
"Айдоочунун мындай маданиятсыз жана кооптуу жүрүм-туруму айдоочулук этиканын толук жоктугун көрсөтөт. Текшерүү учурунда анын айдоочулук күбөлүгү жок экени аныкталды. Автоээнбаштык кылуу жана документсиз унаа башкаруу эрдик эмес, олуттуу кесепеттерге алып келүүчү мыйзам бузуу",- деп жазылган маалыматта.
Ал эми айдоочуга карата тиешелүү укук бузуу жөнүндө протоколдор түзүлүп, унаа айып короого киргизилгени маалым болду.
Бишкекте автоээнбаштык кылган айдоочу кармалды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(1)
nyrbekali87
18.11.2025. 12:51
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кээ бир айдоочулар шаарды өздөрүнүн жеке автодромундай көрүп, унаасын чимирилтип, элдин коопсуздугун тамаша көрүшөт.
Унаа айдоо — мактана турган оюн эмес. Бир чимирилтме, бир секунддук адреналин — бирөөнүн тагдырын талкалайт. Коом катуу реакция кылышы керек: болбогон “шоуга” жол жок.
Бишкек — бул жалгыз бирөөнүн трассасы эмес. Бул — жалпы элдин шаары.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















