Конгодо министрди ташыган учак учуу тилкесинен чыгып кетти
Конгонун Луалаба провинциясындагы Колвези аэропортунда кен казуу министри Луис Ватум Кабамба баштаган 20га жакын кишиден турган делегацияны ташыган учак конуу учурунда учуу тилкесинен чыгып, өрттөнүп кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, бардык жүргүнчүлөр куткарылды, кырсыктан жаракат алышкан жок. Аэропорттун кызматкерлери тез арада кийлигишип, өрттү көзөмөлгө алышты.
Кырсыктын себептерин иликтөө башталды. Министр Колвези аймагына Калондо шахтасында көптөгөн шахтёрлордун өмүрүн алган кырсык боюнча иликтөө жүргүзүү үчүн барганы белгиленди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:03
2025-11-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















