super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Трамп: "АКШ армиясы дүйнөдөгү эң күчтүү армия болуп саналат"

 

АКШ президенти Дональд Трамп McDonald's компаниясынын иш-чарасында сүйлөп жатып, америкалык куралдуу күчтөрдүн согуштук мүмкүнчүлүктөрү калыбына келтирилгенин билдирди жана АКШ армиясын дүйнөдөгү эң күчтүү армия деп атады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

АКШ лидери өлкө эң күчтүү армияга гана ээ эмес экенин, ошондой эле дүйнөдөгү эң сапаттуу аскердик техника чыгарарын баса белгиледи.

"Биз армиябызды калыбына келтирдик. Бизде дүйнөдөгү эң күчтүү армия бар жана биз дүйнөдөгү эң мыкты аскердик жабдууларды өндүрөбүз",- деди Трамп.

7-ноябрда Пентагондун башчысы Пит Хегсет АКШ зарыл болгон учурда бардык ресурстары менен согушка катышып, жеңишке жетерин билдирген.

5-ноябрда Дональд Трамп АКШ согуш баштоого кызыкдар эместигин айткан. Ошол эле маалда ал америкалык куралдуу күчтөрдү дүйнөдөгү эң кубаттуу армияга айландырганын белгилеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: