super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Трамп АКШнын визасын алууда кимдерге артыкчылык берилерин айтты 

 

АКШнын президенти Дональд Трамп 2026-жылдагы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун билеттеринин ээлери үчүн тездетилген виза арыздарын кароо аракеттери көрүлүп жатканын билдирди. Бул тууралуу америкалык лидер FIFA өкүлдөрү менен Дүйнөлүк чемпиондукка даярданган жумушчу топтун жыйынында айтканын чет элдик басылмалар жазышууда.

"Дүйнө чемпиондугунун билеттеринин ээлерине маектешүү үчүн артыкчылык берилет. Сураныч, мүмкүн болушунча тезирээк кайрылыңыздар",- деген Трамп.

Ошол эле учурда АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Дүйнө чемпиондугунун билеттеринин ээлерине автоматтык түрдө кирүүгө кепилдик берилбей турганын белгиледи.

"Сиздин билетиңиз виза эмес. Ал АКШга кирүүгө кепилдик бербейт. Бир гана тездетилген маектешүүгө кепилдик берет. Сиз башкалар сыяктуу эле бардык процесстен өтүшүңүз керек",- деген ал.

Чет элдик басылмалардын маалыматына караганда, Дүйнө чемпиондугунун билеттерин АКШдан тышкары жүргөн бир миллионго жакын адам сатып алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: