super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Казакстандын түштүгүндө өрт чыгып, 12 адам каза болду

 

Бүгүн, 18-ноябрда эртең менен Казакстандын Жетысай районунун Алгабас айылындагы эки кабаттуу жеке турак үйдөн өрт чыгып, 12 адам каза болду, алардын ичинде 9 бала бар. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазышты.

Түркстан облусунун акими өрттөн жабыркагандардын абалы тууралуу маалымат берди.

Маалыматка ылайык, медицина мекемелерине үч жабырлануучу жеткирилди, эки чоң киши жана бир бала. Алар реанимация бөлүмүндө, абалы оор, бирок туруктуу деп бааланууда. Бейтаптарга интенсивдүү терапия жүргүзүлүп, абалы адистердин көзөмөлүндө.

Өрт кырсыгына байланыштуу өзгөчө режимде иштер жүрүп, облустук саламаттык сактоо мекемелеринен кошумча адистер жөнөтүлүп, медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүлүүдө. Президент Касым-Жомарт Токаев каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, өкмөт менен облустук бийликке бардык зарыл жардамды көрсөтүүнү жана окуянын себептерин иликтөөнү тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: