super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Орусияда эркек кишинин табарсыгынан 1 килограммдай таш алынды

 

Орусиянын Балаково шаарында дарыгерлер 65 жаштагы эркектин табарсыгынан болжол менен бир килограмм салмактагы ташты алып салуу үчүн шашылыш операция жасашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Бейтап оор абалда ооруканага жаткырылып, андан бөйрөк жетишсиздиги жана ички кан агуу белгилери аныкталган. Көп өтпөй ал дароо операцияга даярдалган.

Медициналык мекеменин маалыматы боюнча, масса табарсыкты толугу менен толтурган. Мындай учурлар чанда кездешет. Хирургиялык кызматтын башчысы Олег Якимовдун айтымында, ал ондогон жылдар бою иштеген тажрыйбасынын ичинде мындай кырдаалга бир нече жолу гана туш болгон.

Бейтап учурда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Анын абалы туруктуу, жакында ага дагы бир жолу оперция жасала турганы айтылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: