Италиянын атактуу шаарында ачык жерде тамактанууга тыюу салынат
Италиянын туристтер арасындагы популярдуу шаары Флоренцияда шаар борборундагы визуалдык булганычтан улам 50 көчөдө ачык асман алдындагы тамактануу токтотулат. ЮНЕСКОнун коргоосундагы тарыхый борбордо кафе жана ресторандардын сырткы отуруучу аянтчаларына чектөөлөр кийинки жылдан баштап күчүнө кирет. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, Понтэ Веккио көпүрөсү, Уффици музейинин алдындагы аянтча жана Уффици галереясынын аймагындагы сырткы аянтчалар алынат. Ресторан ээлери чечим Флоренциянын салттуу ашканасына терс таасир берип, жумушту начарлатат деп тынчсызданышууда.
Ал эми Болонья университетинин мурас боюнча эксперти Илария Агостини киргизилген чаралар жетишсиз деп эсептейт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:03
2025-11-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















