Нигерияда куралчан топ мектепке кол салып, 25 окуучуну уурдап кетти
Нигериянын түндүк-батышында куралчан адамдар кыздар окуган орто мектепке кол салышып, мугалимди өлтүрүп, кеминде 25 окуучуну уурдап кетишти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Полициянын маалыматына ылайык, кол салгандар мектепти кайтарган полиция кызматкерлери менен ок атышып, андан соң окуучуларды мектеп жатаканасынан күч менен чыгарышкан.
Мектепте иштеген мугалимдердин бири окуучуларды коргоого аракет кылып жаткан учурда каза болгон. Дагы бир кызматкерге ок тийип, ал ооруканада.
Полиция окуя болгон аймакка кошумча бөлүктөрдү жана аскерлерди жөнөтүп жатканын маалымдады. Жакынкы токойлордо издөө жана куткаруу операциялары жүрүп жатат.
Эске салсак, акыркы он жыл ичинде Нигериянын түндүгүндөгү мектептерге куралчан топтор тарабынан бир неч жолу кол салуу болгон. Алар балдарды жана өспүрүмдөрдү уурдап, андан соң алардын жакындарынан акча талап кылышат же өкмөт менен келишим түзүшөт.
Акыркы жолу куралчан адамдар 2024-жылдын март айында Кадуна штатындагы Куриге мектебинен болжол менен 300 окуучуну уурдашкан.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















