19-ноябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат
Эртең, 19-ноябрда өлкөнүн айрым аймактарында жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +2... +7, күндүз +14... +19;
Талас жергесинде түнкүсүн +2... +4, күндүз +16... +18;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +4... +6, күндүз +18... +20 градус;
Ысык-Көлдө түнкүсүн +1... +3, күндүз +9... +11;
Нарын аймагында түнкүсүн -5... -7, күндүз +1... +6 градус болот.
Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн +4... +6, күндүз 17... +19 градуска жетет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:50
2025-11-20
22:07
2025-11-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















