УКМК мыйзамсыз аракеттери үчүн "Kav&Kev" компаниясынын башчысын кармады
"Kav&Kev" дыйкан чарбасында мыйзамдарды бузуу фактылары аныкталып, башчысы А.В. кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда УКМКнын маалымат борбору билдирди.
Маалым болгондой, кармалган жаран тиешелүү уруксат берүүчү, медициналык жана миграциялык документтери жок чет өлкөлүк жарандарды ишке тарткан. Алар антисанитардык шарттарда өлкөнүн калкы үчүн тамак-аш азыктарын даярдоо менен алектенишкен. Мындан тышкары, жарактуу мөөнөттөрү ылайык келбеген мөөнөттөрдү продукцияларга чаптоо фактылары аныкталды.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту, 297-беренесинин 1-бөлүгүнүн жана 379-беренесинин 3-бөлүгү (мыйзамсыз миграцияны уюштуруу, документтерди жасалмалоо, керектөөчүлөр үчүн коркунуч түзүү) менен кылмыш иши козголду. Ага шектелип ишкананын башчысы убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тиешелүү тергөө жана оперативдик иш-чаралар уланууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















